Гленн Фрай

Википедия дан

Гленн Лүис Фрай (англ. Glenn Lewis Frey, айтылышы: /fraɪ/; 1948-жылы 6-ноябрь - 2016-жылы 18-январь) - америкалык ырчы, ыр жазуучу жана актер, Eagles рок-тобунун негиздөөчү мүчөсү катары таанымал. Фрай кесиптеши Дон Хенли менен бирге Eagles тобунун негизги ырчылары жана фронтмедери болушкан, экөө топтун ырларынын көбүн жазышкан. Фрай гитара, пианино жана башка клавиштүү инструменттерде ойночу. Ал "Take It Easy" (кырг. "Көңүлүңө жакын алба"), "Peaceful Easy Feeling" (кырг. "Тынч жеңил сезим"), "Tequila Sunrise" (кырг. "Текила сыяктуу күндүн чыгышы"), "Already Gone" (кырг. "Кетти"), "Lyin' Eyes" (кырг. "Жалган айткан көздөр"), "New Kid in Town" (кырг. "Шаардын жаңы тургуну") жана "Heartache Tonight" (кырг. "Кечки жүрөк оорусу") сыяктуу ырлардын вокалын аткарган.

1980-жылы Eagles топтун ажыроосунан улам Фрай ийгиликтүү жеке чыгармачылык жолуна баштайт. 1982-жылы ал No Fun Aloud алгачкы альбомун жаздырып "40 эң мыкты хиттер" тизмесине кирген ырларды жаздырган, алардын ичинде: "The One You Love" (кырг. "Сен сүйгөн бирөө"), "Smuggler's Blues", "Sexy Girl", "The Heat Is On" (кырг. "Жылуулук келген"), "You Belong to the City" (кырг. "Сен шаарга тийиштүүсүң"), "True Love" (кырг. "Чыныгы сүйүү"), "Soul Searchin'" (кырг. "Кубат издөөдө") жана "Livin' Right" (кырг. "Адилетүү жашоо"). Eagles тобунун мүчөсү болуп жүргөнүндө Фрай алты "Грэмми" сыйлыгын жана беш American Music Awards сыйлыгын уткан. 1998-жылы Eagles тобу Рок-н-роллдун атак-даңк музейине киргизилген, биринчи жылы талапкерлиги коюлган. Жеке жана Eagles тобунда болгон чыгармачылыгын эсептесе, Фрай Billboard Hot 100 чартынын "Эң мыкты 40 сингл" тизмесине кирген 24 чыгармага ээ.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]