Грэмми

Википедия дан

"Грэмми" сыйлыгы (түп нускада Грэмофон сыйлыгы деп аталат же Грэмми) - үн жаздыруучу Академия (англ. The Recording Academy) тарабынан англис тилиндеги музыка индустриясындагы чоң жетишкендиктери үчүн ыйгарылган сыйлык болуп саналат. Сыйлык тапшыруунун жылдык салтанатында белгилүү артисттер ыр-шоу көрсөтүүлөрүн аткарышат жана популярдуу сыйлыктардын презентациясы өткөрүлөт. Бул сыйлык "Emmy Awards" сыйлыгы (телеберүү), "Tony Awards" сыйлыгы (сахнада аткаруулар) жана "Оскар" сыйлыгы (тасма) сыяктуу музыка индустриясындагы сыйлыктарды ыйгарат.

Алгачкы "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу салтанаты 1959-жылы, 4-майда өткөрүлгөн жана ал 1958-жылга чейинки музыка дүйнөсүнө салым кошкон аткаруучулардын урматына арналган. 2011-жылдагы салтанаттан кийин, Үн жаздыруучу Академия 2012-жылда бериле турган "Грэмми" сыйлыктарынын категорияларын кайрадан карап чыккан. 59-"Грэмми" сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылы, 12-февралда Степлс Борбору, Лос-Анжелесте өтүп, 2015-жылы, октябрдан - 2016-жылы, сентябрга чейин "Эң мыкты жетишкендик" наамын ыйгарган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]