Гликолиз

Wikipedia дан

Гликолиз (гр. glykys - таттуу жана lysis - эрүү) – организмде кычкылтексиз шарт-та (анаэробдук) энергияны (АТФ) пайда кылуучу процесс. Анаэробдук (кычкылтексиз) шарттагы Г. – тирүү жандыктар, өсүмдүктөр жана көпчүлүк бактериялар организминдеги энергияны камсыз кылуучу жалгыз процесс. Көбүнчө омурткалуу организмдер кычкылтекти пайдаланып жашашат (аэробдук шартта). Алардын клеткасында глюкоза Г. ыкмасы менен ажырап пируват к-тасын пайда кылат, андан кийин бул к-та мол-лярдык кычкылтек таасиринде СО2 Н2О чейин толук окистенет. Көбүнчө адам жана айбанаттар денесинде анаэробдук Г. аз гана убакта жүрөт: булчуңдар эң катуу иштегенде, мис., 100 м жерге тез чуркаганда. б. а. кычкылтек клеткада жок болгондо же аз калган убакта. Алты көмүртектүү глюкозанын молекуласы Г. аркылуу үч көмүртектүү 2 молекула сүт кислотасын фермент таасири менен бөлүп чыгат. Г. I-баскычында глюкоза Н3РО4-ын АТФ аркылуу кошуп алып, 2 молекула глицеральдегид - 3-фосфатты, пайда кылат (энергияны пайдаланат). Ал эми II-баскычында глицеральдегид-3-фосфат сүт кислотасына айланып энергияны пайда кылат (АТФ). Г-дин жалпы реакциясы:

С6Н12О62СН3-СНОН-СООН+2НАДН2+

глюкоза сүт кислотасы

+2АТФ+2Н2О

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]