Гнус

Википедия дан

Гнус - кош канаттуу кан соргуч курт-кумурскалардын жалпы аты.

Гнуска чиркей, желимчи, көгөн, чымын ж. б-га кирүүчү курт-кумурскалардын 300дөй түрү кирет. Ал көбүнчө дарыялардын жайылмасында, көлмөлөрдө, жасалма сугат жерлерде көбөйөт. Гнустун кишиге жана жаныбарларга зыяны өтө чоң. Шилекейи териге дүүлүктүрүүчү таасир тийгизип, кычыштырат, ачыштырат, сезгентет жана денени ысытат. Теринин кычышканын, ачышканын басуу үчүн нашатырь спиртин же ичилүүчү соданы (0,5 чай кашык соданы 1 стакан сууга эритип) сүйкөө керек. Гнус өтө көбөйүп кеткенде кишилер жакшы эс албай, эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт, өндүрүш кырсыктары көбөйөт. Андан сырткары кээ бир коркунучтуу оорулардын (безгек, желимчи ысытмасы, филяриоз жана башка) козгогучтарын таратат.

Гнус жаныбарларды көп чакканда алар арыктап, сүтү азаят. Ага каршы күрөшүүдө Гнустун жумурткаларын, жетилген курт кумурскаларды жана алардын личинкаларын жок кылуу зарыл. К. Дезинсекция.

Жеке сактанууда качыруучу каражат-репелленттерди колдонуу, репеллент сиңирилген атайын кийим кийипжүрүү, жаткан жерге даки, тор тартуу сунуш кылынат. Репелленттерди колдонууда өтө сак болуу (көзгө, мурунга жана оозго тийгизбөө) керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8