Желимчилер

Википедия дан
Phlebotomus pappatasi.

Желимчилер (Phlebotomidae) - кош канаттуулар түркүмүндөгү чиркейлер тукуму. Денеси жүн менен капталган, узундугу 1,3-3,7 мм. Эркеги өсүмдүк ширеси, ургаачысы жаныбар каны менен азыктанат. Алар жылуу өлкөлөрдө таралган. Үңкүр, жар жаракасында, ийинде, турак жайда, мал сарайда жашайт. Желимчилердин 500гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусунун 30дай түрү бар. Алар Орто Азия, Закавказье республикаларында жана Түндүк Украина, Молдавияда кездешет. Желимчилер чакканда өтө кычышат, ыйлаакчалар пайда болот. Желимчилер малдан кишиге лейшманиоз жана желимчи лихорадкасын жугузат. Аларды жоготуу үчүн биологиялык жана химиялык жолдор колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5