Чиркей

Википедия дан
Чиркейлер‎»‎ барагынан багытталды)
Aedes aegypti.

Чиркейлер (лат. Culicidae) — кош канаттуулар түркүмүндөгү курт-кумурска.

Алардын узун, ичке тумшугу болот. Көпчүлүк түрү — кан соргучтар. Айрымдары безгектин, ошондой эле 50дөн ашык жугуштуу жана мите ооруларынын (туляремия, сары калтыратма) козгогучун таратат. Алар жумурткаларын көлмөлөргө таштайт. Андан личинка чыгып, ал сууда жашайт. Чиркейлер адамды чакканда шилекейи түшкөн жер катуу кычышып, тызылдайт, кызарып дүрдүйүп чыгат. Кычышкан жерге ичүүчү соданын (жарым чай кашык соданы 1 стакан сууга эритип) же нашатырь спиртинин эритмесин сүйкөсө болот. Чиркейдин чагышынан коргонуу үчүн үйдүн терезе, эшигин пластмасса, темир тор же даки менен калкалап, Чиркейден коргоочу атайын торлорду кийип, чымын-чиркейлерди качыруучу заттарды пайдалануу сунуш кылынат. Дененин ачык жерине атайын «Дета» репелентин жана «Тайга» бет майын сүйкөп алса болот. Чарбалык мааниси бар сууларда Чиркейлердин личинкасын кырып жок кылуу үчүн аларды жей турган гамбузия балыгы коё берилет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]