Гобелен
Гобелен (французча gobelin) – Париждеги гобелендик деп аталган мануфактурада дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку көркөмдүк сапаттагы, кол менен токулган француз килеми (Шпалерлер менен салыштыр). Көрүнүктүү Париж Г. XVII кылымда ири сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү (картондор) боюнча иштелип чыккан жана татаал көп фигуралуу композицияларды чагылдырышкан. Г-нын мыкты көргөзмөсү Ленинграддагы мамл. Эрмитажда сакталган. Кеңири мааниде – өндүрүлгөн мезгили, орду, мүнөзүнө карабастан, жогорку көркөм сапаттагы жана кө-бүнчө, татаал көркөм сүрөттөр түшү-рүлүп согулган бардык килемдер, материалдар Г. аталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004