Гомеостат

Википедия дан

Гомеостат (гомео жана гр. statos— түрүп түрүучу, кыймылсыз) — физиол. мүмкүн болгон чекте кандайдыр бир маанилерди (мисалы, дене температурасын) тирүү организмдин ошол бойдон сактап түрүуга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүчү өзү уюшулуучу система.

Англ, илимпоз У. Р. Эшби 1948-ж. кайчылаш тескери байланышы бар магниттуу 4 системадан турган түзүлүш түрүндөгү Гомеостатты курган. Ар бир байланыш алкактуу реостат менен жөнгө салынат. Ал реостаттан чыккан тарамдар магниттердин кыймылына карата иштеп, системада жүз миңдеген абалды пайда кылган.

Абал бир калыпта болбой бузулганда магниттер ордунан которулуп, Гомеостаттын туташтыруу схемасын өзгөртүп, мурдагы калыбына келе турган абалды издейт. Гомеостат өзүн өзү уюштурууга жөндөмдүү, б. а. ички түзүлүшүндө кокусунан кандайдыр бир өзгөрүү болсо (параметр, тышкы чейре менен байланыш өзгөрсө же бир тетиги бузулса), анда да өзүнүн мурдагы тең салмактуу абалына келет жана бардык кыймыл аракетине абдан ылайыктанып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.