Гонг

Википедия дан
Гонг.
Гонг.

Гонг - (малайзиялыктарча gong – үн тууроо) – 1) урма музыкалык аспап. Азия элдерине кеңири тараган. Дүйнө элдеринин музыкалык маданиятында анын көптөгөн түрлөрү жолугат. Колодон, мистен жасалат. Таякча менен уруудан добуш алынат. Анын добушунун бийиктиги урганга жараша бийик же пас болот. Симфониялык музыкага 1791-ж. биринчи жолу француз композитору Ф. Госсек, операга 1831-ж. Ж. Мейер тарабынан колдонулган. Опералык жана симфониялык оркестрде гонгдун бир түрү там-там колдонулат; 2) латундан жалпак табак формасында жасалып, атайын койгучка илинген урма аспап. Калыс гонгду балкача менен уруп, бокста ар бир раунддун, күрөштө мелдештин башталышы менен бүтүшүн, спорттук гимнастикада мелдештин аякташын билдирет.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Иш жүзүндө үчүн жарышып кантип тандоо керек.