Гондурастыктар

Википедия дан

Гондурастыктар (исп. hon­du­reños) — испан тилдүү эл. Гондурастын негизги калкы. Көпчүлүгүн испан-индей метистери (ладино) түзөт. Алар 16-кылымда азыркы Гватемала аймагынан келген испан-индей метистердин тукумдары. Калктын 3%ин Вест-Индиядан алынып келинген негрлердин жана мулаттардын тукумдары түзөт.
Саны 10 млн адам.

Тил

Испан тилинде сүйлөшөт. Кариб деңиздин жээгинде жашаган негрлер жана мулаттар англис тилинде сүйлөшөт.

Дин

Ишенгендердин көбү католиктер жана протестанттар.

Чарбачылык иштери

Көпчүлүгү айыл чарбасында иштешет (кофе, банан, цитрустар, жүгөрү, фасоль). Калгандары жыгач даярдоо жана балык уулоо тармактарында иштешет.

Турак жай

Айыл жергесиндеги үйдүн дубалдары өрүлгөн жана чопо менен капталган, эки-жантайыңкы чатыр саман менен жабылган.

Улуттук кийими

Борбордук Америка типтеги улуттук кийимдер испандардыкына окшош.

Тамак-аш

Жүгөрү камырынын негизги улуттук тамактары. Майрамдык эт тамагы-топадо (кокос сүтү жана жашылчалар менен бышырылган эт).

Маданият

Фольклордо индейлердин таасири байкалат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]