Готама

Википедия дан

Готама, же гаутама – байыркы индиялык ойчул, Ньяя системасынын негиздөөчүсү. «Ньяя-сутра» трактатынын автору.

Жашаган мезгили белгисиз, мүмкүн биздин замандын башталышында жашагандыр. «Ньяя-сутра» 5 китептен турат. Анда туура баамдоонун объектилери жана каражаттары, талаш-тартыш, силлогизм бөлүктөрү, өз мезгилинин философиялык агымдарынын айрым актуалдуу маселелери каралган. Готама байыркы индиялык логикага негиз салган окуусунда далилдөө, чындык, софистика сыяктуу темаларга кайрылып жалпылаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8