Гравиметр

Википедия дан

Гравиметр (лат. gravis — оор жана метр) — оордук кучунун ылдамдануусун салыштырмалуу түрдө өлчөөчү прибор.

Гравиметрдин көпчүлүгү пружиналуу же айланып түрүучу так тараза түрүнде жасалат. Мындай Гравиметрлердин иштөө принциби кичинекей гана жүктун оордук кучун компенсациялоочу пружинанын деформациясы же кварц жибинин чыйралуу бурчу боюнча оордук кучунун ылдамдануусунун айырмасын өлчөөгө негизделген. Өлчөө адегенде оордук кучунун ылдамдануусу белгилуу болгон баштапкы пунктта, андан кийин изилденуүчү жерде жүргүзүлөт.

Жакшыртылган Гравиметрдин тактыгы миллигалдын (к. Гал) он миңдик үлүшүнө жетет. Кен байлыктарды чалгындоодо кварц Гравиметр кеңири колдонулат. Деңиздердеги оордук күчүнүн ылдамдануусун ченей турган Гравиметрлер да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.