Гравиметриялык пункт

Википедия дан

Гравиметриялык пунктгеодезиялык координаталары, анын ичинен деңиз бийиктиги кошо аныкталган жана оордук кучунун ылдамдануусу өлчөнгөн жер бетиндеги чекит.

Гравиметриялык съемка жүргүзүлгөн учурда, катардагы пункттардан башка ар түрдүү класстагы таяныч Гравиметриялык пункттарынын тармагы түзүлөт. Таяныч пункттарында гравиметриялык приборлор менен бир нече жолу жогорку тактыктагы ченөөлөр жүргүзүлөт.Буткүл дүйнө боюнча гравиметриялык съемкалар үчүн баштапкы таяныч Гравиметриялык пункт болуп Потсдамдагы (Германия) пункт эсептелет (к. Гравиметрия).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.