Гравиметриялык съемка

Википедия дан

Гравиметриялык съемка - белгилүү бир аймактын гравитациялык талаасын мүнөздөөчү чоңдуктарды өлчөө үчүн жер бетинде жүргүзүлүүчү изилдөө жумуштары.

Гравиметриялык съемкага гравиметриялык пункттардын ордун аныктоо да кирет. Гравиметриялык съемка гравиметр, маятниктуу прибор жана гравитациялык вариометрлердин жардамы менен жүргүзүлөт. Милдетине жараша жалпы жана дыкаттуу Гравиметриялык съемка болуп белүнөт.

Жалпы Гравиметриялык съемка Жердин кебетесин ("фигурасын) жана чоң аймактын жалпы геологиялык түзүлүшүн изилдөөдө дыкаттуу Г. с. айрым геологиялык түзүлүштү (структураны), руда кабаттарын, тик нерсенин кыйшаюусун аныктоодо колдонулат.

Пункттардын жайгашына жараша Гравиметриялык съемка аянттык жана профилдик (пункттары сызыкты бойлой орун алган) болуп ажыратылат. Гравиметриялык съемканын маалыматтары боюнча Жердин гравитациялык талаасынын аномалиялары көрсөтңлгөн гравиметриялык карта түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.