Гравиметриялык чалгындоо

Википедия дан

Гравиметриялык чалгындоо - кен чалгындоо геофизикасынын Жердин гравитациялык талаасын изилдөөдө негизделген методдорунун бири.

Жер кыртышындагы тоо тектердин ар кандай тыгыздыгына байланыштуу ар бир геологиялык аймак өзүнө гана тиешелүү жерг. тартуу күчү менен мүнөздөлөт. Ошонун негизинде Жердин гравитациялык талаасында аномалиялуулукту пайда кылган жана кадимки геологиялык методдор менен изилдөө мүмкүн болбогон, үстү чөкмө тектердин калың катмарлары менен басырылып калган структураларды Гравиметриялык чалгындоо аныктайт.

Гравиметриялык чалгындоо үчүн адегенде гравиметриялык съемка жүргүзүлүп, анын негизипдө кен табууга мүмкүн болгон райондор, нефть, газ ж. б-лардын кендери болуучу структуралар аныкталат. Андан кийин алардагы оордук күчүнүн аномалиясын так изилдөө аркылуу кендин көлөмүн, тереңдигин, формасын ж. б. билүүгө болот.

Кендердин түрлөрүп аныкташ үчүн Гравиметриялык чалгындоо эреже катары магниттик, электрдик, сейсм чалгындоо методру менен бирге жүргүзүлөт.

Гравиметриялык чалгындоо гравиметриялык вариометр, гравиметр приборлору менен жердин үстүндө, астында (шахталарда), суунун үстүндө, астында (кемеге орнотулган приборлор менен) жана абада (вертолёт, самолёт менен) жүргүзүлөт. Алынган маалыматтар Жердин терең катмарларын изилдөөдө да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.