Градиенттик агымдар

Википедия дан

Градиенттик агымдар - океан деңиздерде басымдын ар түрдүүлүгүнөн пайда болуучу суу агымдары.

Басымдын түрдүү болушуна шамалдын таасири, океандагы суунун тыгыздыгынын же анын бетинде атмосфера басымынын бирдей эместиги, материктен же башка деңизден суунун агып келиши ж. б. себеп болот (к. Деңиз агымдары). Кориолис күчүнүн таасиринен Градиенттик агымдар Түндүк жарым шарда басымдын градиенттик багытынан оңго, Түштүк жарым шарда солго кыйшаят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.