Гракхтардын реформалары

Википедия дан

Гракхтардын реформалары — б. з. ч. 2-кылымда Байыркы Римде бир тууган Тиберий (162—133) жана Гай (153—121) Гракхтар жүргүзгөн реформалар.

133-ж. элдик трибун болуп шайланган Тиберий мамлекеттик жерди пайдаланууну чектөө ж-де киргизген закон долбоорун элдик чогулуш кабыл алган. Муну жүзөгө ашыруу үчүн агрардык комиссия түзүлүп, ага ири жер ээлери, сенат карты чыгып, Тиберий 132-ж. элдик трибунду шайлоо убагында падыша болууга умтулган деген жалаа менен өлтүрүлгөн.

Б. з. ч. 123- жана 122-ж. элдик трибун болуп шайланган Гай бир тууганы Тиберийдин агрардык законун калыбына келтирип, башка демократиялык реформаларды да жүргүзгөн. Агрардык реформаны италиялык союздаштарына да таратууну, аларга рим гражданынын укугун берүү законун сунуш кылган. Бул долбоор сенаттын, шаардык жана кыштактык плебстердин каршылыгын туудурган. Гракхтар бул реформалар менен рим дыйкандарынын жакырдануусун токтотууга аракеттенген. Агрардык реформанын натыйжасында 80 миң граждан жер алышкан. Бирок бул реформалар убактылуу гана ийгиликке жетишкен.

Б. з. ч. 111-жылдагы закон боюнча сатылган мамлекеттик жер жеке менчикке айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.