Грамматикалык категория

Википедия дан

Грамматикалык категория - граммат. бир өңчөй маанилердин жыйындысы жана алардын атайын формалар менен берилиши, граммат. маани менен граммат. форманын бирдиги.

Кайсы бир сөз топторун (сөз түркүмдөрүн) мүнөздөөчү Грамматикалык категориянын жыйындысынан сөз өзү кирген топтук жалпы маани (категориялык) түзүлөт. Мисалы, ар бир жөндөмөнүн жекече мааниси жөндөмөлөр категориясына, ар бир чактын формасы чак категориясына бириктирилет.

Грамматикалык категорияга жалпы мааниси жана морфол., синтаксисттик белгилери боюнча сөз түркүмдөрүнүн лексика-граммат. ири топтору да кирет. Мисалы, этиш категориясы, тактооч категориясы ж. б.

Грамма (гр. gramma — белги, тамга, жазуу) — тамга ал сөздөрдүн жалганка бөлүгү; графикалык сурөттөө, жазып алуу дегендей маанилерди туюндурат (мисалы, диаграмма, радиограмма, телеграмма).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.