Граниттүү-Тоо коргошун жана цинк кени

Википедия дан

Граниттүү-Тоо коргошун жана цинк кени Чүй облусунун Панфилов р-нун аймагында, Сосновка кыштагынан түштүк-батыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Аспара суусунун төмөнкү алабында. Кендин аймагында соңку ордовик мезгилинде жиреп чыккан гранитоид массиви бар. Алар тектоникалык терең жаракалар менен тилмеленген. Руда тилкеси кварцташып, серициттешип өзгөргөн тоотектердин арасында линза, тарамча, уя түрүндө түндүк-батышка созулуп жатат. Узундугу 1,2 кмге чейин. Кенден 63 минерал табылган. Негизгилери: галенит, сфалерит, пирит, халькомагнетит, магнетит, халькозин, анкерит, сидерит, гематит, молибденит ж. б. Руданын текстурасы массивдүү, сепкилдүү, тарамча-бүртүкчөлүү. Руда тулкусу 80–85° бурч менен тик жантаят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]