Графема

Википедия дан

Графема (гр. grapho — жазам) — жазуу речинде сөздү маани жактан ажыратуучу эң кичинекей бирдик.

Оозеки сүйлөөдө фонемага дал келет. Мисалы, [а], [с], [т] ж. б. Жазуунун Графема системасы ошол жазуунун алфавитин түзөт. Графемадан речтеги тыбышты билдирүүчү тамганы жана тигил же бул сөздүн составындагы фонема айкаштарын тугөндүрүүчү графикалык тизмекти (мисалы, ch французча — «ш», немецче «х», англисче «ч») айырмалоо зарыл.

«Графема» термин катары лингвио тикага 1912-ж. И. А. Бодуэн де Куртенэ тарабынан киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.