Графит-газ реактору

Википедия дан

Графит-газ реакторужылуулук нейтрондорунун басаңдаткычы — графит, жылуулук ташыгычы — газ (көбүнчө көмүртектин кош кычкылы, кээде гелий) болгон ядролук реактор.

Жылуулук ташыгыч газдар ядролук-физикалык жакшы касиеттерге ээ болуп, жогорку температурага чейин ысытууга жарамдуу. Бул болсо Графит-газ реакторулуу атом электр станциясынын и. а. к-н 40%ке жеткирип, аны андан да жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Графит-газ районда жылуулук бөлүп чыгаруучу элементтер графит койгучтагы цилиндр түтүктөргө жайгаштырылат. Активдүү зона болоттон же чыңалган темир бетондон жасалып, жылуулук ташыгычтын басымын алып жүрүүчү бекем корпустун ичинде болот. Өтө ысып кетпесин үчүн бетон корпустун ички бети Жылуулук бөлгүч менен кап- талат, андан тышкары атайын муздаткыч системалар да колдонулат. Графит-газ реакторлор — Англия менен Франциянын ядролук энергетикасындагы реакторлордун негизги тиби.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.