Графит-суу реактору

Википедия дан

Графит-суу реактору, уран-графиттүү реактор — түтүктүү реакторлор тибиндеги жылуулук нейтрондорунун басаңдаткычы — графит, жылуулук ташыгычы — кадимки эле суу болгон ядролук реактор.

Графит-суу реакторунун активдүү зонасы графит блоктордон турат, ал блоктордун арадан өткөн металл түтүктөрдөн жылуулук ташыгыч жүрөт. Жылуулук бөлүп чыгаруучу элементтер түтүктөрдүн ичине же сырткы беттерине жайгаштырылат. Активдүү зонанын корпусу жылчыксыз жасалат. Түтүктөрдүн санын көбөйтүү аркылуу жогорку кубаттуулуктагы (5 кет ка чейин) реактор курууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.