Григ Нурдаль
Көрүнүш
Григ Нурдаль (1902 — 2.12.1943) — норвег жазуучусу.
Гимназияны бүтүп, матрос болуп саякатка чыккан. «Илгери Үмүт тумшугунун айланасында» (1922), «Сел алган таштар» (1925) туңгуч ыр жыйнактарында жана «Кеме сапарын улайт» (1924) романында саякаттан алган таасирлерин жазган. «Норвегия биздин жүрөктөрдө» (1929) ыр жыйнагында, «Биздин атак, биздин күч» (1935) драмасында эл турмушу чагыллырылган. 1936— 39-ж. - испан элинин Улуттук революциялык согушута катышып, «Испаниядагы пай айлары» (1937) публ. макалалар жыйнагын жана Париж Коммунасына (1871) арналган «Жеңилиш» (1937) аттуу элдик баатырдык драмасында жараткан.
Анын согуш мезгилиндеги ырлары жашырын таратылып, «Азаттык» (1945), «Үмүт» (1946) сыяктуу ыр жыйнактарына киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.