Грим

Википедия дан

Грим (фр. grime — маскарапоз чал, эски итал. griino — бырыштуу дегенден) — ар кандай боёк, пластика, жасалма сакал-мурут, чач ж. б. жабыштыруу менен актёрдун кебетесин, асыресе бет түзүлүшүн өзгөртүү өнөру.

Гримдин өзүнчө өнүгүү тарыхы бар. Театрдагы Гримдин мүнөзү пьесадагы образдын идеялык-көркөмдук өзгөчөлүктөрүнө, актёрдун негизги оюна, режиссёрдун концепциясына, спектаклдин жасалгалануу стилине жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.