Грин функциясы

Википедия дан

Грин функциясы - дифференциал теңдемелердин кандайдыр бир четки шарттарды канааттандыруучу жана белгилүү бир өзгөчөлүккө ээ болуучу чыгарылышы.

Ал өзгөчөлүк теңдеменин тартиби жана мейкиндиктин өлчөмү менен аныкталат. Грин функциясы методу матем. физиканын четки маселелерин чыгарууда кеңири колдонулат. Бул функциянын айрым учурун Д. Грин потенциал теориясы боюнча изилдөөлөрүндө биринчи аныктаган (1828). Ошон үчүн функция «Грин функциясы» аталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.