Гриффит Дейвид Уорк

Википедия дан

Гриффит Дейвид Уорк (1875— 1948) — америкалык режиссёр.

Адегенде журналист, актёр болгон. 1907-жылдан кино искусстводо иштей баштайт. 1913-ж. Голливудга келип, продюсерлик кылат; Ч. Чаплин ж. б. менен бирге фильм прокаттоочу фирма уюштурат. Гриффит дуйнөнүн кино өнөрунө чоң салым кошкон. Ал параллель монтаж, ири план, бүдөмүктөнүү сыяктуу көркөм каражаттарды ойлоп таап, кино тартуу техникасына жаңылыктар киргизген. Гриффиттин чыгармалыгыгында карама-каршылыктар көп. 1915-ж. «Улуттун төрөлүшү» аттуу реакциячыл фильм чыгарган, ал эми «Элдешпес» (1916) жана «Дүйнө жүрөгү» (1918) фильмдеринде алдыңкы ой-пикирлер козголуп, өз заманы үчүн өтө жаңычыл кинематогр. каражаттар пайдаланылган.

20-жылдары Гриффит чыгармачылык жактан кеңири кетип, 1931-жылдан кийин фильм коюудан баш тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.