Гронинген университети

Википедия дан
Гронинген Университети‎»‎ барагынан багытталды)
Гронинген Университети.

Гронинген университети (англ. University of Groningen; нидерл. Rijksuniversiteit Groningen; RUG; ГУ деп кыскартылат) - Нидерландыдагы Гронинген шаарында жайгашкан коомдук изилдөө университети болуп саналат. Университет 1614-жылы негизделген. Ал Нидерландыда эң байыркы жана ири жогорку окуу жайларынын бири. Анын ачылган күнүнөн тартып жалпы 200000 студент бүтүргөн. Ал Коимбра Европалык университеттер тобунун мүчөсү болуп саналат.

2013-жылы эл аралык студенттер барометринин жыйынтыгы боюнча, Гронинген университети үчүнчү жолу Нидерландыдагы эң мыкты университети деп белгиленген. 2014-жылы университет өзүнүн 400 жылдык мааракесин белгиледи.

Гронинген университетинде он факультети, тогуз бүтүрүү мектептери, 27 илимий-изилдөө борборлору жана институттары, жана ошондой эле 175 даражалык программалары бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]