Мазмунга өтүү

Гулсункан Жунушалиева

Википедия — ачык энциклопедия
Жунушалиева Гулсункан Ишенгазиевна
Философия илимдеринин кандидаты, Гулсункан Жунушалиева, 2020-жылы
Толук аты-жөнүЖунушалиева Гулсункан Ишенгазиевна
Англис тилиндеJunushalieva Gulsunkan Ishengazievna
Төрөлгөн1969-жыл
Кочкор району, Нарын облусу

Жунушалиева Гулсункан Ишенгазиевна - Кыргыз Республикасынын философ окумуштуусу жана коомдук ишмери.

1969-жылы Кочкор айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Гулсункан Жунушалиева 1976-жылы Кара-коо орто мектебинде (азыркы Нинакан Жүндүбаева атандагы орто мектепте) окуп, аны 1986-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1986-жылы Россиянын Томск шаарындагы мамлекеттик университеттин философия факультетине тапшырып, аны 1992-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолун 1992-жылы Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп, ал жерде 1998-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген.

1998-жылдан азыркы күнгө чейин И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын философия кафедрасында келечектеги дарыгерлерге татыктуу билим берип келе жатат.

Юридикалык илимдин магистри. Философия илимдеринин кандидаты, эл агартуунун отличниги.

2021-жылдан бери ушул эле окуу жайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору кызматында иштеп жатат. Үй-булөлүү, 5 баланын энеси.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Внешние ссылки нежелательны

  •  (орусча) на сайте НЭБ
  •  (орусча) на сайте КГМА