Гумбольдт Александр

Wikipedia дан
Александр Гумбольдт (1843).

Гумбольдт Александр (1769-1859) - немец табият таануучусу, географ жана саякатчы.

Берлин ИАнын мүчөсү (1800), Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1818). Франциялык ботаник Э. Бонплан менен бирге 1799-1804-ж. Түштүк жана Борбордук Американы изилдеген. 1829-ж. Урал, Алтай, Батыш Сибирь, Каспий деңизине саякат жасаган. Гумбольдт өсүмдүктүн зона боюнча таралышы жөнүндөгү идеяга, өлкө жана ландшафт таанууга, өсүмдүктөр географиясына негиз салган; бир катар орографиялык жана климаттык законченемдүүлүктү аныктаган; изотерма жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Жер магнетизмин, жанар тоолорду көп изилдеген. Гумбольдттун «1799-1804-ж. Жаңы Дүйнөнүн күн-түнү тең облусттарына саякат», «Табияттын көрүнүшү» (1808), «Космос» (1845-62-ж. 1-5-т.) аттуу залкар эмгектери орусчага которулган.

Гумбольдт ысымы менен бир катар геогр. объектилер (Борбордук Азия менен Түндүк Америкадагы кырка тоолор, Гренландиядагы мөңгү, Тынч океандагы агым ж. б.), айрым өсүмдүктөр, минерал, Айдагы кратер ж. б. аталган. Берлиндеги университет да ага-ини Александр жана Вильгельм Гумбольдт Атында.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2