Гуно

Википедия дан

Гуно (Gounoda) Шарль Франсуа (1818, Париж - 1893, Сен-Клу, Парижге жакын) - француз композитору.

  • Франция институтунун мүчөсү (1866). Атасы сүрөтчү, энеси музыкалык мугалими болгон.
  • 1829-35-ж. Сен-Луи лицейинде окуп, чиркөө хорунда ырдаган, музыкалык пьесаларды жазган.
  • Музыканын теориясын А. Рейхинин жетекчилигинде окуйт. «Дон-Жуан» операсын көргөндөн кийин музыкага болгон кызыгуусу күчөйт.
  • 1836-1839-ж. Париж консерваториясында Ф. Галевиден, Ж. Ф. Лесюэрфмн, Ф. Паэрадан окуйт.
  • И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун, Р. Шумандын, Ф. Шуберттин, В. А, 'Моцарттын чыгармаларын жандили менен сүйөт.
  • 1839-ж. «Фернан» аттуу кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алат. 2 жыл Италияда болот.
  • Парижге келери менен 1843-48-ж. чиркөөдө органист болуп иштейт.
  • Үйлөмө ж. б. аспаптар үчүн ар кандай чыгармаларды жазат.
  • 40-50-ж. опера жанрына кайрылат.
  • 1852-60-ж. Париждеги «Ореона» хор бирикмесинин директору болуп иштейт. Анын жетекчилигинде хор ырдоо чеберчилиги өркүндөйт. Шаардык музыкалык фольклордун өзгөчөлүктөрүн иликтейт.
  • 1870-75-ж. Лондон жашайт. 1870-ж. «Хор Гуно» коомун негиздейт. Парижге келери менен музыкалык сынчылык ишмердигин өркүндөтөт.
  • 19-кылымда Франциядагы опера жанрынын бирден-бир таланттуу өкүлүнөн жана лирикалык опера жанрынын негиз салуучуларынан болот.
  • «Софо», Театр лирик» ж. б. опералары зор ийгиликтер менен коюлат.

Өзгөчө, «Фауст», «Театр Лирик» операларынын Парижде коюлушу Франииядагы классикалык лирикалык опералардын чыныгы үлгүсүнө айланат.

Гунонун «Мирейль» (1863), «Ромео менен Джульетта» (1865) ж. б. опералары да ачык обондуулугу, музыкалык бийлерге негизделгендиги менен айырмаланат. Айрыкча автордун операларындагы ариялардын, ариозолордун, речитативдердин интонациялык жактан өзгөчө артыкчылыгы менен көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүнө уюйт. Гуно опера ж. б. чыгармалар менен катар өмүрүнүн акыркы жылдарында жазган «Искупление», «Өлүм жана өмүр» аттуу ораториялары артыкча изденүүчүлүккө жазганы менен айырмаланат.

Гуно музыкалык жазуучу жана сынчы катары да коомчулукка кеңири болгон, Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Гунонун «Фауст» операсы коюлган.

Башкы каарман Мефистофелдин ролуңда СССР эл артисти Б. Минжылкыев көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүнөн өчпөй турган образды жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.