Гуру

Википедия дан

Гуру - (санскрит түшүнүгүндө көптү билген адам) белгилүү бир тармакта эң жогорку тажрыйбага ээ, өзүнүн артында шакирттерин тарбиялап калтырган адамды айтышат. Акыркы учурда ар түрдүү тармакта дасыккан адамдарды ушундай атап келишет. Мисалы, «кулинария гурусу», «пикап гурусу» же «секс-гуру» деген сөздөр менен адамдарды сыпаттап жүрүшөт. Демек, сизди өз адистигиңиздин гурусу экениңизди айтып калышса, төбөңүз көккө жетип, көкөлөп кубана берсеңиз болот.