Гүл

Wikipedia дан
Гүл.

Гүл - уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү функциясын аткаруучу органы.

Гүл - аткарган функциясына байланыштуу түрүн өзгөртүп кыскарган өркүн. Эволюциялык өнүгүү мезгилинде анын кай бир жалбырактары спора пайда кылууга ылайыктанышса, калгандары стерилдик жабуучу жалбырактарга — гүл коргонго айланган. Спора пайда кылуучуларына (спорофиллдерее) микроспорофиллдер жана мегаспорофиллдер кирет.

Гүлдүн микроспорофиллдери — аталыктар, мегаспорофиллдери — мөмөжалбыракчалар. Адатта мөмө жалбыракчалар жээктери менен биригип өсөт да, туюк камераны — энеликти пайда кылат, анда урук- бүчүр өөрчүйт. Энелик жабык уруктуу өсумдуктөргө гана мүнөздүү.

Гүлдүн бөлүктөрү: гүл сабы, чөйчөкчө, таажыча, аталыктар жана энеликтер. Гүл сабы — Гүлдү негазги сабак менен байланыштырган сабакча. Кай бир Гүлдөрдүн гүл сабы болбойт, алар — сапсыз гүлдөр.

Гүл сабынын жогорку бир аз жоонойгон бөлүгү — гүл жайгашкыч; анда гүлдүн калган мүчөлөрү жайгашкан. Алардын эң сырткысы чөйчөкчө болуп, көбүнчө жашыл түстүү жалбыракчалардан турат. Чөйчөкчөнүн ич жагындагы Кызыл, кек, көгүлтүр, сары ж. б. түстөгү бир нечө желекче таажычаны түзөт. Таажычанын ич жагында аталыктары, ортосунда бир же бир нече энелиги бар.

Гүлдүн бардык аталыгы андроцей, энелиги гинецей деп аталат. Таажыча менен чөйчөкчө биригип гүл көргөндү түзөт. Гүл көргөн чөйчөкчөдөн же таажыдан гана түрүшу мумкун. Ал чөйчөкчөден гана турса чөйчөкчөдөй (дан өсүмдүктөрү, эмен, кайың) деп, таажычадан гана турса таажычадай (лилия, мандалак) гүл көргөн делет. Чөйчөкчөсү да, таажычасы да болгон гүлдүн гүл коргону — кош гүл коргон, ал эми гүл коргону болбогон гүл жабуусуз же жылаңач деп аталат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.