Гүлжамал Бакинова

Википедия дан

Бакинова Гүлжамал - (12. 3.1917, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы 21. 6. 2001, Бишкек) тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимдеринин кандидаты (1954).Мугалимдик кызматта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу факультетин (РАБФАК), кийин педагогика окуу жайын (1939), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүгүргөн (1942-44). Пржевальскидеги Киров атындагы. орто мектепкее мугалим (194142), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын (КирФАН) Тил, адабият жана тарых институтунда улук илимий кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жергиликтуу өзгөчөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эмгектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысык-Көл говорлорунун материалдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүүөзгөчөлүктөр» (1962), «Диалектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Бакинова «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын» түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4