Даанышмандык

Википедия дан

Даанышмандык (генийлик) – улуу инсандын жаратмандык кудуретинин, чыгармачыл жөндөмүнүн эң жогорку, кайталангыс даражада ачылышы, сапаттык жактан жаңы, нукура терең, теңдешсиз ажайып чыгармаларды жаратуу, мурда белгисиз жолдорун табуу менен эч ким бара элек бийиктиктерди ачуу жана анын туу чокусуна жетүү үзүрү. Даанышмандык термини адатта адамдын инсандык керемет зээнинин, анын ажайып акыл дээринин кудуретин мүнөздөөчү, өнүгүүнүн өзүнчө бир доорун ачкан ажайып жаңылык катары кабылданган улуу чыгармага, ашкере кең чабыттуу жаратман жөндөмдүүлүккө жана ишмердүүлүккө карата колдонулуучу сын-өлчөм. Тубаса нукура терең зээндүү, ашкере жөндөмдүү даанышман адам таланттуулардан айырмаланып, ал шыктуулуктун жогорку баскычына эгедер гана болбостон, өзүнүн эбегейсиз жаратмандык зор кудурети менен руханий дүйнөнүн бүтүндөй бир жаңы башатын ачкан кеменгерлигинде.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия