Давлетов, Сатыбалды

Википедия дан

Сатыбалды Давлетов (18.2.1938, Сузак району, Т. Тайгараев айылы 27.12.2003, ошол эле жер) - Кыргыз Республикасынын Эл мугалими (2003), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1987), эл агартуу тармагындагы узурлуу эмгеги менен бааланган алдынкы мугалим Сатыбалды Давлетовдунэли үчүн жасаган эмгеги эч качан унутта калбайт.

1958-жылы Сузак ооданындагы Кара-Алма орто мектебинде эмгек жолун баштаган.

1962-жылы Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин бүгүргөн.

1965-жылы Ташкент педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин бүгүргөн.

1966-1978 жылдары Жалал-Абад шаарындагы №10 орто мектебинде окуу болумунуун башчысы болуп эмгектенген.

1981-1984-жылдары Сузак ооданындагы «Когарт» орто мектебинин жетекчилигин колуна алган. 1984-1991 жылдарда Сузак ооданындагы Карл Маркс мектеп –интернатынын мүдүрү болуп иш алып барган.

1985-жылы «КСРБнин эл агартуу отличниги» наамын алган. 1987-жылы Сатыбалды Давлетов эл агартуу тармагындагы жетишкен ийгиликтери үчүн «Эмгек синирген мугалим»наамын алган.

1999-жылы персоналдык пенсияга чыгарылган.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» наамы берилди. 2003-жылы үчтүн айынын 4 (декабр) 65 жашында шум ажал Сатыбалды агайды алып кетти.

С. Давлетовдун эмгеги бааланып, 2004-жылы бугу айынын 25 (апрель) шаардык кенештин чечими менен Жалал–Абад шаарындагы №14 мектеп – лицейине анын аты ыйгарылды. Мына ошондон бери С.Давлетов атындагы №14 мектеп–лицейи наамы менен аталып келе жатат. Азыркы мезгилде балдары мектепке жардам көрсөтүүдө. Жыл сайын алдынкы окуучуларга стипендия берип турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]