Давлятов Улукбек Рыскулович

Википедия дан

Давлятов Улукбек Рыскулович (4. 4. 1960-ж. т., Ош обл. Өзгөн району, Кызыл-Маяк кыш.) – техникалык илимдердин доктору (2002). Москва авто транспорт жана жолдор институтун (1984), ошол эле институттун аспирантурасын (1991) бүтүргөн. ФПИде, кийин И. Раззаков атындагы КТУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, кечки жана сырттан окуу факультетинин деканы, аралыктан окутуу борборунун директору болуп иштеген. 2003-жылдан «Дастан» технол. университетинин ректору. Автоунааларды иштетүү жана аларды тоолуу шартта колдонуу жаатында адис. КРдин элге билим берүү отличниги (1995). 60тан ашык илимий эмгеги, автоунааларды иштетүү 1 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Борбордук Азия республикаларында автоунаа менен жүк ташууну өнүктүрүүнүн жолдору. Б., 2000; Автоунаалардын тоолуу шартта жүрүмдүүлүгүн анык тоо жолдору. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия