Даврушев Шахзада

Википедия дан

Даврушев Шахзада 1931-жылы Грузия ССРинин Ахильцхин районунда туулган.

  • Ата-энеси менен 1943-жылдагы атайын көчүрмөнүн негизинде, Өзбекстанга келип отурукташып калышкан.
  • Сузак районунун Багыш айылына 1956-жылы көчүп келишкен.
  • Келгенден баштап “Дружба” совхозунда тамекичилик бригадасында эмгектенип, тамеки өндүрүү боюнча көп жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болгон.
  • 1970-жылы КПССтин катарына кабыл алынат.
  • 1980-жылы талыбаган эмгегинин үзүрүн көрүп, өкмөт тарабынан “Урал” мотоцикли менен сыйланат.
  • Ошондой эле айылдык кеңешке депутат болуп шайланат.
  • Андан башка да, бир нече ардак грамоталардын ээси болгон.
  • 1992- жылы “Эмгек ардагери төш белгисин алып, пенсияга чыккан.
  • 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3