Давыдов Денис Васильевич
Көрүнүш
Давыдов Денис Васильевич (16 (27). 7. 1784-22. 4(4. 5). 1839) - 1812-жылдагы Ата Мекендик согуштун баатыры, аскердик жазуучу жана акын, ген лейтенант (1831).
- Дворян аскер үй-бүлөсүнөн.
- 1801-жылдан аскердик кызматта.
- Франция (1806-07), Швеция (1808- 09) жана Түркия (1809-12) менен болгон согуштарга катышкан.
- Болочок декабристтер-М. Ф. Орлов, Ф. Н. Глинка, А. А. Бестужевдер менен жакындашкан.
- 1823-ж. корпустун штаб начальнигинин кызматында отставкага чыккан.
- 1826-27-ж. кайрадан Кавказда кызмат кылган.
- 1830-31-жылдагы поляк көтөрүлүшүн басууга катышып, 1832-ж. отставкага чыккан.
Давыдов бир катар тарыхый чыгармаларды, ырларды жазып, «гусардык лирика» жанрын өнүктүргөн
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.