Давыдов мөңгүсү

Википедия дан

Давыдов мөңгүсүАк-Шыйрак тоо массивинин түндүк-батыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,8 км, аянты 11,6 км2. Нарын дарыянын башаты Кумтөр суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4840 м, этеги 3720 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Мөңгүнүн «тили» 1932–57-ж. 380 мге тартылып, «тилинин» учу 1955–57-ж. 3,5 мге жукарган. Азыркы мезгилде мөңгү акырындап тартылууда. Мөңгүдөн Сарытөр суусу (Кумтөрдүн сол куймасы) башталат. Илимпоз географ жана гидролог Л. К. Давыдовдун ысымынан аталган. Азыркы кезде мөңгүнүн этегинде Кумтөр алтын кени казылып алынууда (2003).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]