Дагстан тилдери

Википедия дан

Дагстан тилдерикавказ тилдери (ибер-кавказ) уясынын түндүк-чыгыш тармагына кирген тилдердин тобу. Дагстан тилдери өз ара бир нече топко жана өзүнчө тилдерге бөлүнөт: 1) авар-андцез тобу (авар, анд, ботлих, годоберин, карата, ахвах, багулал, тиндин, чамалин, цез, хварши, гинух тилдери); 2) лак тили; 3) даргин тили, 4) лезгин тобу (лезгин, табасаран, агул, рутул, цахур, крыз же жек, будух, хиналуг, арчин, удин). Дагстан тилдери жөнүндөгү изилдөөлөр 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында жарыялана баштаган. Дагстан тилдеринин фонетикалык жана грамматикалык түзүлүшүндө чоң айырмачылыктар бар. Алгач араб, 1928–38-ж. латын жазмасын пайдаланышкан. 1938-жылдан орус графикасынын негизинде түзүлгөн жазууга өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия