Далбаева Мираида

Википедия дан

Далбаева Мираида (1939, Кызыл-Кыя шаары) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1986). Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында жогорку көркөмдүктө иштелип чыккан көптөгөн образдардын галереясын түздү. Улуу эпоско байланыштуу спектаклдерде жараткан образдары анын чыгармачылыгында олуттуу эмгектерден болуп калды. Ж. Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасында (1982) Каныкейдин , "Сейтекте" (1988) Чачыкейдин ролдорун аткарат. Буга чейин көптөгөн ай-мончоктой келишимдүү, сымбаттуу аял затынын көркөм образын түзүп келген актриса үчүн эпостук каармандардын да сырткы келбетине айкалышкан ички дүйнөсү жакын. Ошондуктан, Д-нын Каныкейин, Чачыкейин театр адистери да, көрүүчүлөр да жылуу кабыл алышып, жогору баа беришти. Д. Каныкейдин адамкерчиликке, патриоттукка, элге кызмат кылууга, кыйынчылыктар менен күрөшө жана жеңе билүүгө дем берген эрки күчтүүлүгүн ачып берсе, "эрке катын" Чачыкейде эл тагдырына кош көңүл караган пассивдүү, терс мүнөздөгү аялдын тибин түзө алган.

Ал эми "Айкөл Манас" драмасындагы (1990) Каныкейдин образын жаратышы анын актёрдук чеберчилигин дагы бир ирет айгинелеп турат. Д. медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4