Далынын кечирин кесүү

Википедия дан

Далынын кечирин кесүү — коркунучтуу душманды кыйнап, кордоп жазалоонун бир түрү. Элдик эпостордо мындай жазалоо көбүнчө терс каармандар тарабынан иштелет да, ал аркылуу душмандардын таш боорлугу ашкереленет. "Сейтекте" Күлчоронун колго түшкөндөн кийинки кордолушу: "Оң далыны ойду эми, Оң колунун кечирин, Такыр кесип койду эми" ( Саякбай Каралаев, "Сейтек", 328),— деп сүрөттөлөт. Бул мотив түрк-моңгол элдеринин тарыхый поэма, уламыштарында кеңири жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4