Данакерлегич

Википедия дан

Данакерлегич - эритилген данакер менен металлдарды данакерлөөгө ылайыкталган аспап.

Металлдын данакерленүүчү жерин ысытуу үчүн керектүү жылуулук жезден жасалган өзөкчө аркылуу берилет. Ал өзөкчө жылуулукту начар өткөрүүчү туткага бекитилет. Данакерлегичтин формасы, өлчөмү жана салмагы анын колдонулушуна жараша ар түрдүү. Анын үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз ысытылуучу түрлөрү бар.

Данакерлегич суюк, газ түрүндөгү отун жана электр тогу менен ысытылат. Турмушта өзөкчөсү үзгүлтүксүз ысытылуучу электр Данакерлегич көбүрөөк колдонулат. Өзөкчөсүнүн орнотулушуна жараша Данакерлегич балка сымал жана учтуу болуп жасалат.

Электр Данакерлегич 127 жана 220 в чыңалууда, 35тен 120 вт кубаттуулукта иштеп, өзгөрмө жана туруктуу токко ылайыкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.