Данектүү мөмө-дарактар

Википедия дан

Данектүү мөмө-дарактар - роза гүлдүүлөр тукумунун данек мөмөлүү өсүмдүктөрү. Буга чие, кайналы, кызыл өрүк, гилас, шабдалы, алча жана башка кирет. Мөмөсү таттуу, жалкы данектүү. Дарактардын өсүшү, түшүмдүүлүгү ар кандай, алардын ичинен гилас узак мөмөлөйт. Данектүү мөмө-дарактар уруктуу өсүмдүктөргө караганда эрте гүлдөп, тез бышат. Тигилгенден 3–4 жылда эле мөмө байлап, жыл сайын мол түшүм берет. Мөмөсү бышкан кезинде желет; андан кыям, компот, шире кайнатылат, кургатылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия