Кайналы

Википедия дан
Prunus spinosa.

Кайналы, кара өрүк (лат. Prunus) - өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал. Бийиктиги 3-12 м. Жалбырагы эллипс же ланцет сымал, гүлү ак же кызгылт. Мөмөсү бир данектүү. Апрель- май айларында гүлдөп, август-сентябрда бышат. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүндө 7 түрү белгилүү. Мөмөсүндө 9-22% кант, 0,14- 1,43% органикалык кислота, азоттуу зат, А, С, К жана В тобундагы витаминдер, минерал зат жана микроэлементтер болот: мөмөсү желет; кыям, шире, повидло жана башка даярдалат. Кыргызстанда кайналынын негизинен Чүй өрөөнүндө, Ош облусунда өстүрүлөт. Гектарынан 300 цден түшүм алынат. Суукка чыдамдуу келет. Кайналынын Кыргызстанда байырлаштырылган сорттору: таттуу кайналы, Ренклод Альтана, Кыргыз сонуну, Анна шпетт жана башка. Зыянкечтери: өрүкчү күбө, өрүк курту, калкан сымал жалбыракчылар жана башка. Илдеттери: мөмө чириги, церкоспороз, клястероспориоз, дат жана башка.