Даниель Белл
Көрүнүш
Даниель Белл | |
| Англис тилинде | Daniel Bell |
|---|---|
| Төрөлгөн | 10.5.1919 Нью-Йорк, АКШ |
| Көз жумган | 25.1.2011 Массачусетс, АКШ |
| Аймак | Социология |
Белл Даниель (10 Май, 1919 – 25 Январь, 2011) – америка социологу; Колумбия (1958), Гарвард (1969) университеттеринин профессору.
Коомдук аң-сезимдин тарыхы, саясий агымдар, социалдык маалымат боюнча көрүнүктүү адис. Ал 30–40-жылдары солрадикалдуу кыймылга катышкан, марксизм жана социализм идеяларына кызыккан. «Постиндустриялдуу коом» концепциясын өнүктүрүүгө байланыштуу Белл Батыштагы социалдык маалыматтарды иликтөө боюнча көрүнүктүү ишмер.
Анын «Идеологиянын кыйроосу», «Келечектеги постиндустриялдуу коом» «Капитализмдин карама-каршылыктары» ж. б. чыгармалары билгилүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8