Данте Алигьери

Википедия дан

Данте Алигьери (15. 5. 1265, Флоренция – 14. 9. 1321, Равенна) – италян акыны, италян адабий тилин түзүүчү. Европада италян тилиндеги романдаштырылган биринчи автобиографиялык «Жаңы турмуш» деген чыгарма жазган (1292). Д. Флоренциянын коомдук турмушуна активдүү катышканы үчүн эки жолу өлүм жазасы өкүм кылынган. 1304–07-ж. жазылган «Элдик тил жөнүндө» (латын тилинде), «Той» трактаттары – италян тилиндеги философиялык прозанын үлгүсү. «Монархия жөнүндө» деген саясий трактатында дүйнөлүк монархия идеалын жактайт. Үч бөлүктөн («Тозок», «Күнөөдөн арылуу», «Бейиш») жана жүз ырдан турган «Ажайып комедия» (1307–21) Дантенин чыгармачылыгынын туу чокусу, орто кылымдын поэтикалык энциклопедиясы болуп эсептелет. Акындын чыгармачылыгы европа маданиятынын өнүгүшүнө да зор таасир тийгизген. «Ажайып комедиясы» кыргыз тилине которулуп, айрым үзүндүлөрү жарык көргөн.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы. Б., 2004.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Елина Н. Данте. М., 1965; Голенищев-Кутузов И. И. Данте и всемирная литература [Сб. статей]. М., 1967; Данченко В. Т. Данте Алигьери. Библиографический указатель рус. переводов и критич. лит-ры на рус. яз., 1762–1972. М., 1973.