Дан тазалагыч

Википедия дан

Дан тазалагычөсүмдүктөрдүн данын тазалоочу жана сорттоочу айыл чарба шайманы. Ал данды төмөнкү белгилери боюнча сорттойт: дан менен анын кошундуларынын аэродинамикалык касиеттери; өлчөмү, калыңдыгы, узуну жана эни; дан бетинин бүдүрү, формасы, тыгыздыгы, өңү жана башка. Ал аба бөлүкчөсүнөн, калбырлуу стандан жана триерден туруп, жалпак жана цилиндрлүү, термелүүчү жана айлануучу болуп бөлүнөт. Дан тазалагычтын көчмө (ОС-4,5А, ОВП-20) жана орнотмо (ОВС-10Б, СВУ-5) түрлөрү бар. Көчмөсү кырманда, орнотмосу дан тазалоочу жана сорттоочу жайларда колдонулат. ОС-4,5Анын өндүрүмдүүлүгү 4,5– т/6 саат, ОВП-20ныкы 10–20 т/саат. Жашылча жана техника өсүмдүктөрдүн үрөндөрү өндүрүмдүүлүгү 0,1–0,9 т/саат болгон универсалдуу СУ-0,1 дан тазалагычында тазаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия