Дан тоют

Википедия дан

Дан тоют – мал, үй куштарын тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн уругу. Башка тоюттарга караганда тоют бирдигинде оңой сиңүүчү аш болумдуу заттары көп концентрат тоюттардын тобуна кирет. Дан эгиндеринин ичинен тоют өсүмдүктөрү: жүгөрү, буудай, сулу, арпа. Жүгөрү даны аш болумдуулугу боюнча башка тоют дандарынан жогору турат. 1 кг жүгөрү данында 1,34 тоют бирдиги болуп, кант кызылчасынан гана кийин турат. Май (70%) менен крахмалга (6%) да бай, амин кислоталары аз. Арпа даны – малга жакшы тоют. 1 кг данында 1,2 кг тоют бирдиги болот; 12% белок, 2,1% май, 13% суу жана башка заттар бар. Сулу саан уйга, айрыкча жаш торпокко, жылкыга берилет. Сулудан уйдун сүтү көбөйөт, тоок жумуртканы көп тууйт. Данында витаминдер (В1 жана В2) көп, микроэлементтер (кобальт, цинк, марганец) жана башка заттар кездешет. Сулунун 1 кг данында 0,99 тоют бирдиги болот. Белок 10,2%, май 4,4, суу 12%, клетчатка 8,3%ти түзөт. Булардан башка буурчак, сорго, таруу жана башка да тоют катары колдонулат. Көгөргөн, бактериялык илдетке чалдыккан данды малга берүүгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия