Дарбанов Беркутбай

Википедия дан

Дарбанов Беркутбай 1959-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.


  • 1977-жылы Мичурин атындагы орто мектепти аяктаган.
  • Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун Филология факультетинин “Орус тили жана адабияты”адистигин артыкчылык диплом менен аяктап, ОШМУнун Орус тили жана адабияты кафедрасында окутуучу болуп иштеп калган.
  • 1989-жылы Москвага Целевой аспирантурада күндүзгү бөлүмүндө окуган.
  • 1992-жылы аспирантураны аяктап Кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
  • 1992-жылдан баштап Бишкек Мамлекеттик Университетинин «Жалпы жана салыштырма тил» илимий кафедрасында доцент болуп эмгектенген.
  • 1996-жылдан Жалал-Абад Мамлекеттик Университетине атайын чакырылып “Орус тили жана адабияты” кафедра башчысы болуп дайындалган.
  • 2012-жылдан баштап Филология факультетинин деканы.
  • 1993- жылы Филология илиминин Кандидаты даражасы ыйгарылган.
  • 2000-жылы доцент наамын алган.
  • 2013-жылы Филалогия илиминин доктору даражасына ээ болгон.
  • 1 монография 50дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3